Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:59

Болот Абдыжапаров Сүлүктү шаарынын мэри болуп дайындалды


Сүлүктү шаарынын кире бериши. Архивдик сүрөт.
Сүлүктү шаарынын кире бериши. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Болот Абдыжпаровду Баткен облусуна караштуу Сүлүктү шаарынын мэри кызматына дайындады.

Буга чейинки шаар башчы Максат Кадыркулов кандай себеп менен кызматтан алынганы маалымдалган жок.

Болот Абдыжапаров буга чейин Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун акиминин орун басары болуп турган. Мамлекеттик кызматка келгенге чейин журналист болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG