Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Украина менен Орусия өз ара туткундарды айырбаштады


Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киев 1993 жаранын туткундан бошотту.
Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киев 1993 жаранын туткундан бошотту.

Украина менен Орусия 7-мартта дагы туткундарды алмашты. Ага ылайык, 130 украиналык жана 90 орусиялык өз мекенине кайтарылды. Бул маалыматты украин президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак менен Орусиянын Коргоо министрлиги бышыктады.

Украинага кайтып келгендердин арасында чек арачылар, Улуттук Гвардиянын жоокерлери жана төрт аял бар. Ермак жалпысынан Мариуполдун 87 коргоочусу бошотулганын алардын көбү "Азовсталь" заволун кайтарып турганда колго түшкөнүн билдирди. Ал туткундардын көбү оор жарадар экенин белгиледи.

"Бахмут менен Соледарда туткунга түшкөндөрдү кайтардык. Жалпысынан Донецк багытынан 35 адам мекенине келди",-деди Ермак.

Орусиянын Коргоо министрлиги кайтарылган туткундарга медициналык жардам муктаж экенин кабарлады.

Киев менен Москва буга чейин 101 адамга 101 форматында февраль айынын ортосунда өз ара туткун айырбаштаган. Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери Киев 1993 жаранын туткундан бошотту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG