Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-мартта Өзбекстанга жумушчу сапар менен барды. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, ал сапардын жүрүшүндө бул өлкөдөгү өнөр-жай, өндүрүш жана илимий-техникалык ишканаларда болот. Ошондой эле расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугат.
"Акылбек Жапаров Жизак облусундагы Манас айылында жашап жаткан этникалык кыргыздар менен дагы кездешүүнү көздөп жатат",-деп жазылган маалыматта.
Кыргыз өкмөт башчысы Өзбекстанда канча күн болору айтылган жок.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин ушул жылы 26-27-январь күндөрү Кыргызстанда эки күндүк мамлекеттик сапар менен болгон жана анын алкагында чек ара баштаган бир катар документтерге кол коюлган.
Дагы караңыз