Сеул биринчи жолу Польшадан Украинага түштүк кореялык компоненттери бар Krab гаубицасын жеткирүүгө макулдук берди.
Reuters агенттиги жазгандай, аны польшалык Huta Stalowa Wola ишканасы Samsung Techwin компаниясы менен түзүлгөн келишим аркылуу 2014-жылдан бери чыгарат.
Варшава өткөн жылдын май айында украин армиясына Krab жеткирилгенин жарыялаган. Сеул түштүк кореялык компоненттери бар курал-жаракты реэкспорттоого уруксат бергенин ырастаган эмес эле.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин Түштүк Корея Киевге курал жөнөтсө, Москва менен Сеулдун мамилеси бузуларын билдирген. Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл буга жооп кылып, Сеул Украинага гуманитардык жардам гана берип жатканын айткан.
Түштүк Кореянын коргонуу боюнча сатып алуулар программасынын өкүлү өкмөт Украинага курал-жаракты түз бербей жатканын белгиледи.
Гаубица - бута түз көрүнбөгөн жерлерден атууга ыңгайлашкан артиллериялык курал.