Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

"Аялдар укугу үчүн" маршы аяктады, бир кишини милиция кармап кетти


Марштын катышуучулары
Марштын катышуучулары

Бишкекте бүгүн, 8-мартта уюштурулган “Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшү жыйынтыкталды. Маршка болжол менен беш жүздөй адам катышты.

Спорт ордосунан баштап Уркуя Салиеванын эстелигине чейин эки чакырымдай жолду жөө басып өткөн жүрүштүн катышуучулары кыздардын, аялдардын бардык укуктарын сактоо, аларды зордук-зомбулуктан коргоо жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу талаптарын коюшту.

Уюштуруучулар акция Бишкек мэриясы жана милиция менен макулдашылганын айтышты. Иш-чаранын коопсуздугун ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылышты.

Акциянын айрым катышуучулары демонстранттардын бирин кармап кетип жатышканына күбө болгонун маалымдашты. Алардын айтымында, милиционерлер бир эркекти күчтөп жетелеп кетишти, аны каяка алып кетишкени азырынча белгисиз.

"Милиция кызматкерлери украин тилинде жазылган жана ЛГБТ символикасы тартылган плакат көтөргөндөргө тандап барып жатышат", - деп жазды Kloop.kg. Басылма жарыялаган видеодон кармалган киши түстүү беткап тагынып жүргөнүн көрүүгө болот. Милиция формасын кийген жана жөнөкөй кийимчен бир нече киши анын беткабын сыйрып, жетелеп кетип жатканын көрүүгө болот.

Аймактык милиция мекемеси бул маалыматты териштирип жатканын айтууда.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда аялдар кордук көргөн окуяларга байланыштуу 6580 кылмыш иши козголгон. Эл аралык Human Rights Watch (HRW)уюму былтыркы жыл боюнча баяндамасында мындай иштердин көбү сотко жетпей калып жатканын белгилеген.

8-мартта кыз-келиндердин шериктештик маршын өткөрүү соңку жылдары салтка айланууда. Бирок аялдардын укугун коргоо, аларга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы айтылган бул иш-чаралар ар кандай чагымчыл аракеттерге дуушар болгон учурлар да катталган. 2020-жылдын 8-мартында Бишкектин Жеңиш аянтында кыз-келиндердин укуктарын коргоо, зомбулукка кабылган кыздардын маселесин көтөрүү максатында уюштурулган митинг башталбай жатып аяктаган. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG