Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Аялдар маршынын 10 талабы жарыяланды


Жүрүштүн катышуучулары.
Жүрүштүн катышуучулары.

Бишкекте бүгүн 8-мартта өтүп жаткан кыз-келиндердин укуктарынын сакталышына арналган тилектештик жүрүшүнүн талаптары жарыяланды.

Жүрүштүн катышуучулары зомбулукту токтотуу боюнча улуттук иш-аракеттер планын түзүү, үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жообуна тартуу, ар бир райондо мамлекеттен каржылануучу кризистик борбор ачуу, аялдардын социалдык жана эмгек укуктарынын кепилдигин камсыз кылуу, балдарды багуу үчүн алимент өндүрүп алуунун иштеген механизмин киргизүү, аялдардын саясий укуктарынын, сот адилеттигинин сакталышын камсыз кылуу, сөз эркиндигине, чогулуштарга жана уюмдарга кол салууларды токтотуу жана ошондой эле татыктуу медициналык камсыздоо, билим алууга шарт түзүү деген сыяктуу он талапты коюп жатышат.

“Аялдар укугу үчүн” тилектештик жүрүшүн “Бишкек феминисттик демилгелери” уюму уюштурду. Марштын катышуучулары жалпысынан эки чакырым аралыкты – Спорт ордосунан тартып Уркуя Салиеванын эстелигине чейин жөө басып баратышат.

Жүрүштү милиция кызматкерлери коштоп, коопсуздукту камсыз кылууда.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар катталганы көп айтылууда. Ички иштер министрлигинин эсебинде, жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 10 миңден ашуун факт катталып келет. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG