Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Камактагы активисттин жубайынын иши шаардык сотто каралат


Толгонай Солтонова райондук сот залында. Сүрөт "Апрель ТВнын" түз эфиринен алынган.
Толгонай Солтонова райондук сот залында. Сүрөт "Апрель ТВнын" түз эфиринен алынган.

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган активист Айбек Бузурманкуловдун жубайы Толгонай Солтонованын иши шаардык сотто 13-мартта каралмай болууда. Эки ай мурда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны Укук бузуулар жөнүндө кодекстин "Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө" деген 128-беренесинин негизинде айыптуу деп таап, 3 миң сом айып пул салган. Шаардык сотто райондук соттун бул чечимине каршы апелляциялык арыз каралат.

10-январда камактагылардын жакындары, болжол менен жүздөй адам ИИМ алдына акцияга чыккан. Алар мыйзамдуулукту талап кылган ураандарды айтып турушкан. Көп өтпөй отуз чактысын, арасында улгайган адамдарды Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кармап кетип, кийин кое беришкен.

ИИМ кармоого алар плакаттарды, ар кандай чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп, үн күчөткүч менен сүйлөгөнү себеп болгонун, анын баары мыйзамсыз экенин билдирген.

Кармалган отуздай демонстранттын бешөөнө протокол түзүлүп, калгандары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилген. Бешөөнүн иши сотко өткөн. Алардын арасында Солтоновадан тышкары жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров, активист Адилет Балтабай, саясатчы Азимбек Бекназаровдун агасы Казымбек Бекназаров бар. Баарына райондук сотто 3 миң сом айыппул салынган. Адилет Балтабай мурда козголгон ишине байланыштуу бул жолу кармалганда абакка кесилген.

Былтыр октябрда Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өтүп, натыйжада курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакка алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG