Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

УКМК: Тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды


УКМК: Кылмышка шектүү кызматкер 50 миң сом алып жаткан жерден кармалды.
УКМК: Кылмышка шектүү кызматкер 50 миң сом алып жаткан жерден кармалды.

Токмокто милициянын тергөөчүсү пара алып жаткан учурда кармалганын бүгүн 9-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, шаардык Ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү 7-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөөлөр кызматы менен бирге жемкорлукка каршы жүргүзүлгөн иш алкагында колго түшүрүлдү.

Ал бир нече адамды “кылмыш жообуна тартам” деп коркутуп, акча талап кылып келгени, бул жолу 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму 31-январда былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет. Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG