Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Наристенин өлүмүнө шектүү алты дарыгердин иши тергелип бүтө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте наристенин өлүмүнө шектелип жаткан медицина кызматкерлеринин иши тергелип бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн 9-мартта «Азаттык» радиосуна Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөө дагы эле уланууда.

«Тергөөнүн жыйынтыгында иш териштирүү үчүн сотко жөнөтүлөт», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Былтыр ноябрда балдар ооруканасында 2019-жылы төрөлгөн наристе чарчап калган окуяга байланыштуу Ленин райондук милициясында Кылмыш-жаза кодексинин “Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдетин талаптагыдай аткарбаганы” деген беренесинин негизинде иш козголгон.

Шектүү катары алты медицина кызматкери кармалган. Алардын эң улуусу 67де, эң кичүүсү 27 жашта экени кабарланган. Кийин баары үй камагына чыгарылган.

Талдоочулар Кыргызстанда балдар дарыгери ансыз да жетишсиз экенин, алты адисти камакка алуу туура эмес болорун айтып чыгышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG