Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Исабеков жүк ташуудагы монополия тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды


Самат Исабеков.
Самат Исабеков.

Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков 9-мартта Фейсбук аркылуу бул тармак тууралуу маалымат берип, айрым колдонуучулардын суроолорун жооп берди. Ал "Азаттыктын" кыргыз-кытай чек арасындагы "Эркечтам" жана "Торугарт" бекеттери аркылуу жүк ташыган жаңы компаниялардын монополиясы тууралуу дооматтарга байланыштуу суроосуна жооп берди.

"Бул жерде монополияштырууга шарт дагы, мүмкүнчүлүк дагы жок.Бизнес өкүлдөрүнүн өздөрүнүн ички-тышкы саясаты бар. Кытай мамлекетинин өзүнүн кызмат үчүн акча алган шарттары жана жол-жобосу бар. Бирок биздин бажыга келгенде ар бир килограммга төлөп берет. Алардын ортосунда кандай саясат болуп жатканынын кызыгы деле жок. Бажы келгенде төлөмдөрүн төлөп бергени гана маанилүү. Жүк ташуучулар менен биз ай сайын жолугуп турабыз. Биз аларга тартипти жана шарттарды түшүндүрөбүз. Монополияштыруу тууралуу бизде фактылар байкалган жок. Ар кандай сөздөр болуп жатат",-деди Исабеков.

Бажы кызматы былтыр 74,3 миллиард сом бажы төлөмдөрүн чогултуп, коюлган планды ашыгы менен аткарганын билдирген. Самат Исабеков анда экспорт-импорт ишин көзөмөлдөөдөн тейлөө форматына өтүп, бажылык тариздөө ишинде коррупциялык көрүнүш толук жоюлганын айткан. Бажыда паракорчулук толук токтоду деген билдирүү коомдо талкуу жараткан.

XS
SM
MD
LG