Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:54

УКМК: "Жалал-Абад" курортунун башчысынын орун басары кармалды


"Жалал-абад" курорту, архивдик сүрөт.
"Жалал-абад" курорту, архивдик сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жалал-Абад облусундагы "Жалал-Абад" санаторийинин жетекчисинин орун басары "опузалап пара талап кылууга шек саналып" камалганын билдирди.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекеменин директорунун орун басары А.М.С. "Жалал-Абад" санаторийиндеги бейтаптардан акча алып жаткан жеринен кармалган. Ал акысыз медициналык процедураларды акы төлөнчү кызматтардын тизмесине киргизип, дарыланып жаткандардан акча алып жүргөнү аныкталды. Кармалган адам тергөө абагына киргизилди",-деп жазылган маалыматта.

Кылмышка шек саналган адамдын жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу комментарий бере элек.

Буга чейин аталган санаторийге жетекчи дайындоого байланыштуу бир канча жолу чуу чыккан. Советтер союзунун тушунда белгилүү курорттордун бири болгон бул жай азыр Кесиптик кошуундар уюмуна карайт жана анда 500гө чукул адам иштейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG