Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:31

Тбилисиде полиция менен демонстранттар дагы кагылышты


Тбилисиде калайман каршылык акциялары 7-мартта "Чет элдик агент тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин башталган.
Тбилисиде калайман каршылык акциялары 7-мартта "Чет элдик агент тууралуу" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин башталган.

Грузияда "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы нааразылык акциялары 8-мартта да уланды. Демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылды. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонуп, суу менен бүркүп таратты. Маалыматтарга караганда, кагылыштын айынан жараат алгандар бар.

Оппозициялык күчтөр бийликти "Орусиянын жолоюна түшүп оюн эркин билдирүү эркиндигин, жарандык активдүүлүктү чектеп жатат" деп айыптоодо. Алар "Чет элдик агенттер тууралуу" мыйзам демократияга каршы келерин, Грузиянын Европага кошулуусуна тоскоол болорун эскертип жатат.

Шаршембиде Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Берлинде жүргөн жеринен мыйзам долбоорун коргой турганын билдирди. Өлкөнүн батышчыл президенти Саломе Зурабишвили Нью-Йоркто иш чарада жүргөндө Тбилисидеги миңдеген демонстранттарга тилектешигин билдирди.

Башкаруучу “Грузин кыялы” партиясы Кавказдагы бул чакан өлкөнүн Европа Биримдигине киришин каалаганы менен өткөн айда талаштуу мыйзам долбоорун колдогон.

Тбилисиде калайман каршылык акциялары 7-мартта аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынгандан кийин башталган. Анда дагы полиция демонстранттарды кууп таратып, жаш агызган газ колдонуп, суу бүрккөн. Кагылышта ондогон адам кармалган, дагы бир канчасы жарат алган.

Мыйзам долбоорун 150 депутаттын 76сы колдоп, 13ү каршы болган жана калган 61и добуш берген эмес.

Документ Грузияда сырттан 20% ашуун каржылоо алган кандай гана уюм болбосун "чет элдик агент" деп каттоодон өтүүгө милдеттендирет. Ал шартты аткарбагандарга чоң айып пул салынат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG