Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Украина: Орусиянын жапырт аткылоосунда жайкын тургундар каза болду


Львовго урулган сокку турак-жайды талкалады. 9-мартта тартылган сүрөт.
Львовго урулган сокку турак-жайды талкалады. 9-мартта тартылган сүрөт.

Украина бейшембиге караган түнү жана 9-марттын таңында Орусиянын кезектеги жапырт аткылоосуна туш болду. Өлкөнүн бардык аймактарында аба чабуулу тууралуу эскертүү берилди.

Львов облустук администрациясынын башчысы Максим Козицкий өзүнүн Telegram-каналына Золочев районунда турак жайга ракета тийип, беш адам мерт болгонун жазды. Куткаруучулар уранды астында дагы кишилер болушу мүмкүндүгүн божомолдошууда.

Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Сергей Лысак түнкү чабуулдарда бир адам өлүп, экөө жарадар болгонун кабарлады.

Киевде мэр Виталий Кличко Голосеевский жана Святошинский райондорунда кеминде үч жардыруу болгонун, эки киши жабыркаганын билдирди. Турак жайлардын биринин короосунда автоунаалар күйүп кеткенин РБК-Украина жазды.

Ар кайсы аймактарын аткылоо кеминде алты саатка созулганын Би-Би-Синин орус кызматы маалымдады. Канаттуу, баллистикалык ракеталар, Ирандын "Шахед-136" учкучсуз учактары колдонулганы айтылууда. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына караганда, Орусия ар кандай типтеги 81 ракета учурган. Украин аскерлери 34 канаттуу ракетаны атып түшүргөнү расмий кабарланды.

Президент Владимир Зеленский набыт кеткендердин жакындарына көңүл айтты. Электр энергиясы калыбына келтирилүүдө.

Бир жыл мурун орус күчтөрү басып алган Запорожьедеги атомдук электр станция да дээрлик жарыксыз калды. Ушул тапта генераторлор гана иштеп, стратегиялык өндүрүштү электр энергиясы менен камсыз кылган жападан жалгыз системаны орустардын ракетасы жарактан чыгарды. Украинанын “Энергоатам” компаниясы АЭСте бешинчи жана алтынчы реактор токтогонун, 18 дизелдик генератор берген жарык 10 суткага жетерин маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG