Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Жогорку сот Ак-Ордодогу жер чыры боюнча чечимдер жокко чыга электигин билдирди


Марал Шаболотованын үйү 1-мартта соттун чечими менен түрттүрүлгөн.
Марал Шаболотованын үйү 1-мартта соттун чечими менен түрттүрүлгөн.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлгөн жер боюнча соттун буга чейинки чечимдери жокко чыгарылбаганын, ал азыр да күчүндө экенин билдирди.

Марал Шаболотова үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алганын, бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаганын билдирген. Чыр 2022-жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, анда Самудинованын пайдасына өкүм чыккан. Сот аткаруучулар 1-мартта үйдү бузуу тууралуу чечимди аткарган. Маалыматка караганда, Толкун Самудинова талаш болуп аткан жерге 2017-жылы кызыл китеп алган.

Там-ташы түрттүрүлүп төрт баласы менен көчөдө калган келиндин окуясы коомчулукта резонанс жаратып, 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барган.

Президент 2017-жылы айыл чарба багытындагы жерлерди трансформация кылууга мораторий болгонун, жер талашы боюнча соттун чечими мыйзамсыз экенин билдирген. Мындан тышкары ишти караган судьялардын кызыкчылыгы болсо аларды да жоопко тартуу тапшырмасын берген.

8-мартта Марал Шаболотованын үйү кайра салына баштады. Ал “Азаттыкка” кошунасы Толкун Самудинова кызыл китепти мыйзамсыз алганы тууралуу президенттик администрациядан кабарлашканын билдирген.

Конституция боюнча Жогорку соттун чечимдери акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт. (BTo)

XS
SM
MD
LG