Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:20

Орус аскерлери атып салган жоокерге байланыштуу жаңы маалымат чыкты


Атып өлтүрүлгөн аскер. Сүрөт видеодон алынды.
Атып өлтүрүлгөн аскер. Сүрөт видеодон алынды.

Украинадагы согушта туткунга түшүп калгандан кийин атып өлтүрүлгөн жоокердин тек-жайына байланыштуу жаңы маалыматтар чыкты.

Анын аты-жөнү Александр Мациевский экенин Чернигов облусунун 119-аймактык коргонуу бригадасы билдирди.

Бригаданын Фейсбукка жарыялаган билдирүүсүндө Мациевский жана анын төрт кесиптеши өткөн жылдын 30-декабрында Соледардын жанындагы согушка киришкени айтылат. Ошол эле алар менен байланыш үзүлгөн.

Ал Мациевский экенин кесиптештери, жоокердин уулу жана апасы тааныганы, үй-бүлөсү менен акыркы жолу 29-декабрда телефондо сүйлөшкөнү жазылган.

Бригада жарыялаган маалыматта каза болгондордун сөөгү украин тарапка өткөрүлгөнү, Мациевскийдин сөөгү 14-февралында Нежинде жерге берилгени белгиленген.

Мурдараак туткунга түшүп калгандан кийин атып өлтүрүлгөн жоокер Тимофей Шадура экени кабарланган эле. Украин армиясынын 30-механизацияланган бригадасы жарыялаган маалыматка ылайык, ал 2023-жылы 3-февралда Бахмут шаарындагы кармаш жүргөн райондордун бириндеги салгылаштан бери дайынсыз болчу. Аны видеодон туугандары тааныган.

Токойдо аскер кийимчен турган киши "Украинага даңк!" деп айткандан кийин автоматтан ок жеп, турган жеринде кулаганы тартылган тасма 6-мартта Интернетте тараган. Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз, ок аткандар көрүнбөйт, алардын орусча сөгүнгөн үндөрү гана угулат.

Украин президенти Владимир Зеленский киши өлтүргүчтөрдү табууга убада берген. Баш прокуратура жана атайын кызматы үрөй учурган видеого байланыштуу иликтөө баштады.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба окуяга байланыштуу Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна кайрылган.

Жогорку Рададагы "Эл кызматчысы" фракциясы жоокердин аты-жөнү расмий бышыкталган соң "Украинанын баатыры" наамына көрсөтөрүн билдирди.

Кремль мындай дооматка комментарий бере элек. Украинадагы согушта эки тараптан тең туткундарды атып салды деген маалыматтар буга чейин дагы айтылып, Киев менен Москва бири-бирин күнөөлөгөн.

Женева конвенциясы согуш туткундарынын өмүрүн сактоого, аларга гумандуу мамиле жасоого кепилдик берет. Бул эл аралык документке Орусия да кошулган. Туткундарды өлүмгө тартуу же аёосуз мамиле кылуу аскер кылмыштарына барабар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG