Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:29

Сокулукта “Кадастрдын” кызматкерлери жер иштерине байланыштуу кармалды


Кармалган шектүүлөр.
Кармалган шектүүлөр.

Жер тилкелерин берүүдөгү коррупциялык иштерге шек саналып “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук районундагы бөлүмүнүн кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында, “Кадастрдын” кызматкерлери документтерди мыйзамсыз жасаган жана бул ишке уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да аралашканы аныкталган.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, “Кадастр” мекемесинин Сокулук райондук бөлүмүнүн директорунун орун басары (А.К.Ч.), каттоо бөлүмүнүн кызматкери (Т. уулу Р.), уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү (Э.М.А., А.К.А.) кармалды.

Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатат. Шек саналып жаткандардын адвокаттары менен жакындары комментарий бере элек.

Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда 1-мартта Марал Шаболотованын үйү түрттүрүлүп, келин төрт баласы менен көчөдө калган. Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, 5-мартта президент Садыр Жапаров Ак-Ордо конушуна барган. Анда өлкө башчы укук коргоо органдарына жер тилкелерине байланыштуу иштерди териштирүү тапшырмасын берген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG