Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Баткен: милиция мыйзамсыз иштеген медресе аныкталганын билдирди


Баткен милициясы.
Баткен милициясы.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы мыйзамсыз иштеген медресе аныкталганын билдирди. Кызыл-Кыя шаарындагы бул диний окуу жайды текшергенде тиешелүү документтери жок болуп чыкканын маалымдады.

"Текшерүүнүн натыйжасында эч кандай уруксат кагазы жок экени аныкталган. Кызыл-Кыя шаарынын жана Ош облусунун тургундарынын 40тай баласы ошол жерде жатып, диний сабактарды мыйзамсыз окуп жатканы белгилүү болгон. Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында катталып, тергөө уланып жатат", деп айтылат маалыматта.

Өткөн айда Улуттук коопсуздук кызматы Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда диний билим берген борбор жабылганын билдирген. Ал жерде 30дай жергиликтүү тургун окуп жатканы, аларга дин жаатында атайын билими жок үч адам сабак берип жүргөнү маалым болгон.

Атайын кызмат диний окуу борборун текшерүү учурунда 2022-жылы “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамын бузуу менен негизделгенин аныктаган.

Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Жалпысынан өлкөдө 3 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн.

Сот 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчу жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG