Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Германияда жашаган орус жараны согушту жактаганы үчүн соттолууда


Елена Колбасникова жолдошу Макс Шлунд (Ростивлав Теслюк) менен.
Елена Колбасникова жолдошу Макс Шлунд (Ростивлав Теслюк) менен.

Германияда жашаган Орусиянын жараны Елена Колбасникова согушту жактаганы үчүн соттолууда. Анын иши Көлн шаарында каралып жатканын Deutsche Welle кабарлады. Сот отуруму 29-мартта болот.

Колбасникова Орусиянын Украинадагы аскердик агрессиясын ачык колдогон деп айыпталууда. Германиянын мыйзамдарына ылайык, ал үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Адвокаттардын айтымында, сот айып пул менен чектелиши да ыктымал.

Елена Колбасникова Германиядагы кремлчил кыймылдын көрүнүктүү өкүлү. Ал 2022-жылдын 8-майында Көлндө орусиячылдардын автожүрүшүн уюштургандардын арасында болгон. Миңдей киши катышкан митингде Колбасникова "Орусия агрессор эместигин" айткан.

Андан тышкары, ал "Вагнер" жалданма аскер уюмуна жоочуларды жалдаган жарыяны бөлүшкөнү үчүн да тергөө жүрүп жатат.

Колбасникованын күйөөсү Макс Шлунд "Орусия менен Германиянын ортосундагы өз ара түшүнүшүү көпүрөсү" уюмунун төрагасы. Уюм Германиядагы ашынган оңчул саясатчылар менен кызматташат жана орусиячыл активисттерге, Украинадагы орус күчтөрүнө көмөк көрсөтөрүн "Свобода" радиосу жазды.

Елена Колбасникова өзү Украинанын Днепропетровск облусунда төрөлүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган.

XS
SM
MD
LG