Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

"Вагнер" Бахмуттун чыгышын ээлегенин жарыялады, Киев аны бышыктаган жок


Cогушта талкаланган Бахмут.
Cогушта талкаланган Бахмут.

АКШнын согушту иликтөө институтунун билдирүүсүндө, орус күчтөрү сегиз айдан бери кармаш жүрүп аткан Украинанын Бахмут шаарынын чыгышын ээлеп алууга жетишти.

“Вагнер” жалданма аскер компаниясынын башчысы Евгений Пригожин дагы Бахмуттун чыгышын алганын жар салып, анын жоочулары орус армиясына жол ачканын айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг орус күчтөрү жакын арада Бахмутту толук ээлеп алышы мүмкүн экенин, бирок ал согуштун жүрүшүн өзгөртө албасын белгиледи.

Киев Бахмутту коргоого бардык күчүн жумшап жатканын маалымдоодо, бирок калаанын кайсы бир бөлүгүн орус тарап ээлеп алганын бышыктаган жок.

Батыштын чалгын кызматтары бир жылдан бери майданда орус армиясынын шайы ооп калгандыктан, быйыл Украинада илгерилей албастыгын айтып жатышат.

Тынч заманда 70 миң киши жашаган Бахмутта үйлөр күйүп, калааны кара түтүн каптаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, шаарда азыр төрт миндей тургун бар.

Freedom House уюмунун бейшембиде жарыяланган жылдык баяндамсында айтылгандай, Орусия басып кирип, согуш ачкандан бери Украинада адам укугун тебелөө көнүмүшкө айланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG