Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Зиядин Жамалдинов парламентте айтылган дооматтарга жооп кайтарды


Зиядин Жамалдинов президенттин Оштогу өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган.
Зиядин Жамалдинов президенттин Оштогу өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган.

Президент Садыр Жапаровдун Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Жогорку Кеңеште айтылган сын-дооматтарга жооп кайтарды. Ал бир тууганы токой чарбанын жерин, үйүн каттатып алганын жалганга чыгарды. Гектарлаган жерди ээлеп алганы, кадр саясатына аралашары тууралуу сөздөр негизсиз экенин билдирди.

"Мени "бизнеске бут тосуу менен алектенет, бир дагы күн бизнесте иштеген эмес, ушунча мүлк жыйнады" дейт. Менин Бишкек шаарында бир эле үйүм бар. Ысык-Көлдө дагы пансионаттары бар дешти. Ушунун баарын текшеришсин. Мен билбей жүргөн пансионаттарым болсо анда мага таап беришсин. Баарын текшеришсин",-деди Жамалдинов.

Парламенттин 9-марттагы жыйынында депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Эмилбек Жусупов жана Алишер Козуев Жамалдиновго байланыштуу маселе көтөргөн. Анда гектарлаган жерди ээлеп алганы, инвесторлорду иштетпей жатканы жана кадр саясатына аралашары айтылган.

Парламенттин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев мындан улам президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып маселени президентке жеткирүүнү суранган.

Жамалдинов президенттин Оштогу өкүлү болуп 2021-жылы июлда дайындалган.

Жамалдинов 2015-жылдан 2020-жылга чейин "Өнүгүү-Прогресс" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылы августта өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган.

2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан талапкер болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG