Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Си Цзинпин Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү ирет шайланды


Си Цзиньпин Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет.
Си Цзиньпин Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет.

Си Цзинпин Кытайдын төрагасы кызматына үчүнчү ирет шайланды жана өлкө тарыхында бул беш жылдык орунда үч мөөнөт катары менен отурган биринчи башчы болуп калды. Xinhua маалымат агенттиги Эл өкүлдөрүн бүткүл кытай кеңешинин депутаттары аны бир добуштан колдогонун жазды. Цзинпин ошондой эле Борбордук аскердик кеңештин төрагасы кызматына да кайра шайланды.

Кытайдын Коммунисттик партиясы 2021-жылы ноябрда Цзинпиндин макамын жогорулаткан резолюцияны жактырган. Ага ылайык, азыркы төраганын макамы өлкөнүн тарыхый ишмерлери Мао Цзэдун жана Дэн Сяопинге теңелген. Расмий документте Кытайдын учурдагы лидери "эң башкы новатор" деп аталган.

Кытайдын Конституциясына 2018-жылы киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин баш катчысынын башкаруу мөөнөтү чектелбейт.

Цзинпин Кытайды 2012-жылдан бери башкарып келет. Анын бийлигинин тушунда Шинжаңда, Тибетте жана Гонконгдо саясий, диний жана этностук мүнөздөгү куугунтук менен репрессия күчөгөнү тууралуу доомат-сын көбөйдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG