Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Шавкат Мирзиёев менен Акылбек Жапаров жолукту


Акылбек Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.
Акылбек Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 9-мартта Ташкентте Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду кабыл алды. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын билдиришинче, тараптар өз ара алака-катышты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

"Сүйлөшүү маалында, өндүрүш кооперациялары, айыл-чарба, энергетика жана транспорт тармагындагы маанилүү долбоорлорду чукул ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Акылбек Жапаров бул жылы кыргыз-өзбек кызматташтыгы бардык тармактарда жаңы жетишкендиктерге жетет, жогорку деңгээлдеги макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашыралат деген үмүтүн билдирди", - деп жазылган маалыматта.

Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапар менен 8-мартта барган жана өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен да жолуккан.

Ал сапарынын алкагында бир катар өнөр-жай жана өндүрүш ишканаларын кыдырды. Буга чейин Жапаров Жизак облусундагы Манас айылында жашап жаткан этникалык кыргыздар менен дагы кездешүүнү көздөп жатканы айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG