Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Камактагы активистти бошотуу талабы коюлду


Адилет Балтабайдын тарапташтары Жогорку сот алдында. 2023-жылдын 10-марты.
Адилет Балтабайдын тарапташтары Жогорку сот алдында. 2023-жылдын 10-марты.

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбекке калыс сот чечими чыгышын талап кылгандар бүгүн, 10-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында, андан соң Жогорку Соттун алдында чогулушту. Акцияга активисттин апасы жана санаалаштары катышып, ал күнөөсүз экенин айтышты жана бошотууну талап кылышты.

Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Алар Адилет Балтабай элдин тынчтыгын буза турган, жапырт башаламандык уюштура турган чакырыктарды жасабаганы экспертизанын жыйынтыгында аныкталганын, анын айыбы жок экенин белгилешти.

Активисттин иши 14-мартта Жогорку Сотто каралганы жатат.

Быйыл 13-январда бир ай мурда сот залынан бошотулган Адилет Балтабай Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткандарды бошотуу талабы коюлган митингге катышкандан кийин кармалып, кайра камакка алынган. Ал былтыр жарым жылдай камакта отуруп, 11-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда "Жапырт башаламандык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, бирок пробациялык көзөмөл өкүмү менен сот залынан бошотулган. Ага чейин ал өкмөттү сындаган түрдүү акцияларды социалдык түйүндөр аркылуу түз эфирде чагылдырып, өз пикирин ачык айтып жүргөн. Милиция анын күнөөсүнүн далили бар экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG