Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Гамбургдагы кол салууда өлгөндөр сегизге жеткени кабарланды


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Гамбургдагы кол салууда өлгөндөрдүн саны сегизге жеткенин Ассошиэйтед Пресс агенттиги полицияга таянып билдирди.

Германиянын канцлери Олаф Шольц атышууларды “ырайымсыз зомбулук актысы” деп мүнөздөдү.

Полиция 9-мартта Гамбургдагы чиркөөдөгү атышуудан бир канча киши набыт болгонун маалымдаган. Баштапкы маалыматтарда алты киши өлгөнү жазылган.

Расмий маалыматка ылайык, окуя кечки саат тогуздарда Гросс Борстел районундагы Жахабанын күбөлөрүнүн борборунда болгон. Полиция кол салган киши да өлгөнүн, ал өзүнө кол салганын маалымдаганын 24hamburg.de жана Bild басылмалары жазды.

Укук коргоо органдары азырынча кылмыштын мотивин аныктай элек, окуя "жапырт кол салуу" катары иликтенүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG