Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:30

Өзбекстанда Конституция боюнча референдум 30-апрелге белгиленди


Өзбекстандын парламенти - Олий мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы. 9-март, 2023-жыл.
Өзбекстандын парламенти - Олий мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы. 9-март, 2023-жыл.

Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү референдуму 30-апрелге белгиленди. Бул тууралуу парламенттин Мыйзам чыгаруу палатасы Телеграмда кабарлады.

Kun.uz сайты жазгандай, 10-мартта депутаттар тиешелүү мыйзам долбоорун талкуулап, референдумду 30-апрелде өткөрүү сунушун жыйынга катышкан дээрлик баары колдоду.

Бюллетенде "Сиз Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жөнүндөгү конституциялык мыйзамды кабыл аласызбы?" - деп жазылат.

Парламенттеги талкууда Баш мыйзам 65% өзгөргөнү белгиленип, аны мындан ары Өзбекстандын жаңы Конституциясы деп атоо сунушталды.

Эгер жаңы Конституция кабыл алынса, азыркы президенттин буга чейинки эки мөөнөтү жокко чыгарылып, үчүнчү мөөнөткө мамлекет башчы болууга ат салышууга жол ачылат.

Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр көтөрүлүп, автономиялуу Каракалпакстан Республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Конституциядан алып салууга каршылар Нукус шаарында демонстрация өткөрүшкөн.

1-2-июлдагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Анда президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз калтырыларын айткан.

Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

Өзбекстандын азыркы Конституциясында 128 берене бар. Жаңыланган Баш мыйзамда беренелердин санын 155.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG