Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Беларуста мамлекетке чыккынчылык үчүн өлүм жазасы киргизилди


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Беларуста мамлекетке чыккынчылык үчүн өлүм жазасы киргизилди. Александр Лукашенко “Кылмыш жоопкерчилиги маселелери боюнча кодекстерди өзгөртүү жөнүндө” мыйзамга кол койгонун анын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, эми чыккынчылык кылгандарды, "бийликти басып алуу максатында" кутум уюштургандарды, тыңчылык кызмат көрсөтүүгө шектелген кишилерди камакта кармоо мөөнөтү үч суткадан он суткага чейин узартылат. Шектүүгө айып тагуу мөөнөтү 20 суткага чейин көбөйөт.

Мыйзамда терроризмди үгүттөө жана Куралдуу Күчтөрдү дискредитациялоо үчүн да жоопкерчилик каралган.

Бул арада диверсия жасоого даярдык көргөн, бирок кийин ниетинен баш тарткан жана бул сыяктуу кылмыштарды бөгөттөөгө көмөк көрсөткөн кишилер кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Мурдараак Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасы мыйзам долбоору деструктивдүү элементтерге бөгөт коюу жана мамлекетке чыккынчылык кылууга каршы чечкиндүү күрөшүү үчүн керек экенин белгилеген.

Буга чейин Беларуста “мамлекетке чыккынчылык кылуу” беренеси менен журналисттер Катерина Андреева, Денис Ивашин, медиаменеджер Андрей Александров, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын капитаны Денис Урад, “темир жол партизандары” деп аталган Дмитрий Климов, Владимир Аврамцев, Дмитрий Равич, Денис Дикун, Олег Молчанов 8 жылдан 23 жылга чейин эркинен ажыратылган.

2022-жылдын майында Лукашенко теракттарды ишке ашыруу аракети үчүн өлүм жазасын колдонууга жол ачкан мыйзамга кол койгон.

Беларустун Хельсинки комитети, “Вясна” укук коргоо борбору жана “Өлүм жазасына каршы укук коргоочулар” тобу өлүм жазасына каршы билдирүүлөрдү жасашкан.

XS
SM
MD
LG