Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Бишкек-Кашкар багытында автобустар каттай баштады


Каттам жумасына эки жолу саат 16.00до Батыш автобекетинен шаршемби жана жекшемби күндөрү уюштурулат.
Каттам жумасына эки жолу саат 16.00до Батыш автобекетинен шаршемби жана жекшемби күндөрү уюштурулат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз автобекет" ишканасы Бишкек-Кашкар багытында автобустар каттай баштаганын билдирди. Ага ылайык, 8-марттан тартып каттам жумасына эки жолу саат 16.00до Батыш автобекетинен шаршемби жана жекшемби күндөрү уюштурулат. Билеттин баасы 7431 сом (85 доллар).

Кыргызстандын Чек ара кызматы автобустар "Торугарт" өткөрмө бекети аркылуу каттай турганын "Азаттыкка" бышыктады.

Кытай кыргызстандык жарандардын алгач "Эркечтам" өткөрмө бекети аркылуу өтөрүнө үч жылдан кийин, ушул жылдын башында уруксат берген. Аталган эки бекет 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу толук жабылып, кийин машине өткөрүү үчүн гана ачылган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Кытайга кирүүнү каалаган жарандар виза алышы керектигин билдирген. Жүргүнчүлөр бажы декларациясын толтурууда саламаттыгы боюнча тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү. Ден соолугу начар же ысытманын белгиси барлар бажыда антигенге тест тапшырат. Текшерүүдө оң жыйынтык чыгып калса, айыкканга чейин үйдө же ооруканада дарылануу сунушталат.

XS
SM
MD
LG