Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

Кемпир-Абад иши: шаардык сот Асия Сасыкбаеваны абакта калтырды


71 жаштагы Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, вице-спикери болгон.
71 жаштагы Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, вице-спикери болгон.

Бишкек шаардык соту 10-мартта Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаеванын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Рабига Сыдыкова кабарлады.

Мунун алдында жактоочу саясатчынын саламаттыгы начарлап жатканын билдирген. Сыдыкова Сасыкбаеванын өнөкөт оорулары козголуп, муундары ооруп, кан басымы жогорулоодо, ал эми абактагы дарыгерлердин дарылоосу натыйжа бербей жатканын айткан.

"Асия Айтбаевна кармалып отурган шарт анын саламаттыгына терс таасирин тийгизүүдө. Өнөкөт оорулары козголуп, жөтөлү кетпей жатат. Абактын дарыгерлери аны ооруканага жаткырууга чукул зарылчылык жок экенин айтып жатышат. Ал дубалдарын көк басып кеткен камерада кармалууда", - деген Сыдыкова.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Сасыкбаеваны конвойдун коштоосунда клиникалардын бирине алып барып текшертүү уюштурса болорун айткан.

Өткөн айда Сасыкбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып ага каршы кандай кылмыш козголгонун так биле албай жатканын, тергөөчү менен жолуга электигин кабарлаган.

71 жаштагы Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты, вице-спикери болгон. Былтыр октябрда ал "Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетине" мүчө болуп, көп өтпөй камакка алынган. Аны менен кошо Бишкектин тергөө абагына (СИЗО-1) кармалган жыйырмадан ашуун саясатчыны, активистти жана укук коргоочуну бийлик башаламандык уюштурууга камынган деп айыптоодо. Камактагылар өзүлөрү муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атап келишет.

Бир катар активдүү жарандар жана эл аралык уюмдар бийликтен эч болбогондо аялдарды үй камагына чыгарууга чакырып, алардын айрымдары улгайган жашка келип калгандыктан абактагы шарт ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айтып чыккандар боюнча президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG