Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Шаардык сот Дүйшөбаев менен Баязовдун бөгөт чарасын өзгөрткөн жок


Кеңешбек Дүйшөбаев былтыр октябрда камалган.
Кеңешбек Дүйшөбаев былтыр октябрда камалган.

Бишкек шаардык соту 10-мартта Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган Улуттук коопсуздук кызматын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев менен активист Марат Баязовдун бөгөт чарасын карап, аларды дагы абакта калтырды.

Былтыр октябрда "Кемпир-Абад суу сактагычын жеринин Өзбекстанга берилишине ачык каршы чыгып жүргөн 30дай саясатчы, активист жана укук коргоочу камалган. Бийлик аларды калайман башаламандык уюштурууга камынган деп айыптаган. Камактагылар муну саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Бир катар активдүү жарандар жана эл аралык уюмдар бийликтен эч болбогондо аялдарды үй камагына чыгарууга чакырып, алардын айрымдары улгайган жашка келип калгандыктан абактагы шарт ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга негизсиз өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун айтып чыккандар боюнча президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген. "Кабар" агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

XS
SM
MD
LG