Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Казакстанда кырсыкка кабылган кыргыз темир жолчулары президент Жапаровго кайрылды


“Бишкек – Самара” багытындагы поезддин башчысы Чолпон Асанова жана анын шеригинин кайрылуусу.
“Бишкек – Самара” багытындагы поезддин башчысы Чолпон Асанова жана анын шеригинин кайрылуусу.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын Казакстандын аймагында кырсыкка кабылган “Бишкек – Самара” багытындагы поездинин кызматкерлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, аларга жетиштүү жардам болбой жатат деп даттанышты. Алардын видео кайрылуусу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

Видеодо өзүн аталган багыттагы поезддин башчысы деп тааныштырган Чолпон Асанова бир аптадан бери жетекчилик чара көрбөй жатканын белгиледи:

“5-мартта Бершигур станциясынын Шалкар тилкесинде биздин поезд тепловоз менен кагышып, натыйжада үч вагон рельстен чыгып кетти. Бизде 229 жүргүнчү жана 22 поезддик бригаданын мүчөлөрү бар болчу. Кырсыктан улам эки жүргүнчү жана эки борт коштоочу жабыркады. Поезддик бригаданын ыкчам аракеттеринин натыйжасында жүргүнчүлөр өз убагында эвакуацияланды, медициналык биринчи жардам көрсөтүлдү. Учурда борт коштоочулар Бишкекте дарыланууда жатат. Бирок биздин “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилиги тараптан эч кандай чара көрүлгөн жок. Төрт кызматкер Казакстанда акчасы, тамак-ашы, жарыгы жок отурушат. Ал жакта 1 миллион сомдук жабдуулар бар, алар ошону кайтарып жатат. Аларга эч кандай жардам кылышкан жок. Ушундай да болобу? Комиссия кырсык катталгандан үч күндөн кийин келишти. Алар бир сыйра кароо жүргүзүп кетип калышкан, кызматкерлер дале ошол жерде отурушат”, – деп кайрылды Чолпон Асанова.

Видео кайрылуунун ээлери темир жол кызматкерлеринин формасын кийип турушат. Анын жанындагы дагы бир кызматкер кесиптешинин сөзүн кубаттай турганын, бул маалыматтар чын экенин белгилеген.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы бул жагдайга байланыштуу билдирүү таратып, аталган кызматкерлердин маалыматын төгүндөдү. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жүргүнчүлөргө “Казакстан темир жолу” ишканасы жардам берип, кырсыкка кабылган вагондон башка бөлүгү каттамды андан ары улантканын кабарлады.

Ишкана ал жакта калган кызматкерлер отурган вагон жылуулук жана суу менен камсыздалганын, алардын маяналары эсептеле берерин белгилеген. Аталган поездде аткезчилик товарлары жана билетсиз эки жүргүнчү баратканы аныкталганын, Чолпон Асанованы иштен алуу маселеси каралып жатканын кошумчалаган.

5-мартта Актөбө облусунда Бишкек-Самара багытындагы жүргүнчү ташыган поезд менен тепловоз кагышканын Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлаган. Жүргүнчү ташыган поездде 200дөн ашык адам отурган, алар Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын жарандары болгон.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы бул окуяга байланыштуу ошол күнү тараткан маалыматында 10 вагондон 3 вагон бузулганын билдирген. Аталган ишкана буга чейин Бишкек-Самара багытындагы поезд жумасына эки жолу, шаршемби жана жума күндөрү жөнөй турганын маалымдаган эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG