Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Бишкек – Бээжин авиакаттамын ачуу маселеси талкууланды


Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева менен Кытайдын Жарандык авиация администрациясынын Эл аралык департаментинин директору Чэн Вэй.
Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева менен Кытайдын Жарандык авиация администрациясынын Эл аралык департаментинин директору Чэн Вэй.

Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы (КЭР) элчиси Актилек Мусаева Бээжин шаарында Кытайдын Жарандык авиация администрациясынын Эл аралык департаментинин директору Чэн Вэй менен жолукту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Анда кыргыз-кытай авиация тармагындагы эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды. Анын ичинде Бишкек – Бээжин, Бээжин – Бишкек түз авиакаттамын ачуу жана кошумча аба коридорлорун уюштуруу тууралуу сөз болду.

Жолугушууда электрондук коммерцияны өркүндөтүү үчүн Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жүк ташуучу каттамдарды уюштуруунун мааниси да ортого салынды.

Учурда Кыргызстандан Кытайга жүргүнчү ташуучу түз авиакаттам катары Бишкек – Үрүмчү – Бишкек багыты гана аткарылат. Каттам 2021-жылы убактылуу токтоп, 2022-жылы кайрадан жанданган.

Мындан сырткары Бишкектен Шанхайга жана Гонконгго жүк ташуучу авиакаттамдар бар. Башка багыттарга жүргүнчү жана жүк ташуучу каттамдар башка шаарлар аркылуу аткарылат. (ErN)

XS
SM
MD
LG