Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Ооганстанда журналисттер бутага алынганы кабарланды


Сүрөт окуя болгон жерде тартылганы айтылууда. "Азаттыкта" маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүнчүлүгү жок.
Сүрөт окуя болгон жерде тартылганы айтылууда. "Азаттыкта" маалыматты өз алдынча тактоо мүмкүнчүлүгү жок.

Талибдер башкарган Ооганстандын Мазари-Шариф калаасында 11-март күнкү жардырууда жараат алгандар жана өлгөндөр тууралуу так маалымат берилбей жатат. Агенттиктер бул күнү журналисттер бутага алынганы кабарлашты.

Ava басылмасы "Табиан" маданий борборундагы жардырууда эки киши набыт кеткенин, 30у жараат алганын жазды.

"Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Такур кол салууда 8 киши, анын ичинде 5 журналист жана 3 бала жараат алганын Твиттерде кабарлады.

Ооганстандын Эркин медианы колдоо уюму жарылууда 10 журналисттин жараат алганын билдирди. Дагы башка булактарда үч киши өлгөнү айтылат.

Тактала элек маалыматтарга караганда, "Табиан" маданий борборунда журналисттердин тилектештик жыйыны өтүп жатканда жардыруу болгон. Ага азырынча эч бир топ жоопкерчилик алган жок.

Ооганстанды 2021-жылдын августунан бери башкарып жаткан талибдердин бийлигин дүйнө тааныган эмес. Акыркы кездери ооган жергесинде "Ислам мамлекети" террордук уюму түрдүү кол салууларды уюштуруп жатат.

Кыргызстанда "Талибан" кыймылы, "Ислам мамлекети" тобу экстремисттик деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG