Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Өзбекстан, Казакстанга барат


Фолкер Түрк
Фолкер Түрк

13-15-мартта Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолкер Түрк Өзбекстанга келет. Ал Ташкенттен ары Каракалпакстан автоном республикасынын борбору Нукуска да барат.

Мамлекеттик "УзА" агенттиги кабарлагандай, сапардын алкагында Түрк Өзбекстандын Адам укуктары боюнча улуттук борборунун, Жогорку сотунун, Башкы прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилери менен, ошондой эле парламенттин Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолугат.

Февралдын аягында Өзбекстанга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Каракалпакстандагы окуяларда күч органдары адам укуктарын бузганы айтылып жаткан билдирүүлөр боюнча толук жана ачык иликтөө зарыл экенин белгилеген.

Өзбекстанда былтыр Конституцияны өзгөртүү демилгеси нааразылык менен коштолгон. Баш мыйзамдан Каракалпакстандын суверендүүлүгүн коргогон беренелерди алып салууга каршы тарап Нукус шаарында демонстрация өткөрүшкөн.

1-2-июлдагы митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 21 адам каза тапканын, 243 адам жараат алганын кабарлаган. 500дөн ашуун адам кармалган. Президент Шавкат Мирзиёев Каракалпакстанга барып, Баш мыйзамдагы бул республикага таандык мурдагы беренелер өзгөртүүсүз каларын айткан.

Каракалпакстан окуялары боюнча соттук териштирүү уланууда.

Фолкер Турк 16-17-мартта Казакстанда да болот. Астанада журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG