Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн


Илююстрациялык сүрөт.
Илююстрациялык сүрөт.

13-14-март күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3 чакырымында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 70-107, Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында, Казарман-Актал-Чат жолундагы Ийри-Суу тилкесинде жана Кара-Көө ашуусунда, Арал-Миң-Куш жолунун 1-14, Каракол-Эңилчек жолунун 45-50-чакырымында жана Чоң-Ашуу ашуусунда, Барскоон-Ак-Шыйрак жолундагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин эскертти.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

14-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16,

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5,

Бийик тоолордо түнкүсүн -20…-25, күндүз 0…-5.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° болот. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG