Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Нью-Йорктогу кол салууга айыпталган Саипов өмүр бою эркинен ажыратылды


Сайфулло Саипов
Сайфулло Саипов

2017-жылы Нью-Йоркто сегиз кишинин өмүрүн кыйган кол салуу үчүн айыпталган теги өзбекстандык Сайфулло Саипов өмүр бою чейин эркинен ажыратылды. Прокуратура аны өлүм жазасына өкүм кылууну сураган, бирок арачылар сотунун айрым мүчөлөрү өтүнүчтү колдогон жок.

Маалыматтарга караганда, 35 жаштагы Саипов АКШга 2010-жылы грин-карта утуп алып көчүп барган. 2017-жылдын 31-октябрында чакан жүк ташыган машине жалдап, велосипед тээп бараткан топту сүзгөн. Каза тапкандардын бешөө аргентиналык жарандар болчу, 12 киши жараат алган. Саиповду полиция ок ачып токтоткон. Ал «Ислам мамлекети» радикал тобунун атынан аракеттенгенин айтып келди. Топ аны өзүнүн «желдети» катары атаган.

Январда бир нече кишини өлтүрүү жана терроризм үчүн айыпталган Саипов калган өмүрүн Колорадодогу күчөтүлгөн тартиптеги федералдык абакта өткөрмөкчү. Ал жерде 2013-жылы апрелде Бостон марафону маалында теракт уюштуруу үчүн өмүр бою кесилген Жохар Царнаев да отурат.

Ага-ини Царнаевдердин жардыруусунан үч киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG