Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Орусиялык футболчулар борбор азиялык ассоциациянын чемпионатына катышат


Кыргызстан жана Тажикстандын жаштар командаларынын беттешүүсү. 2022-жыл
Кыргызстан жана Тажикстандын жаштар командаларынын беттешүүсү. 2022-жыл

Орусиянын футбол боюнча курама командасы борбор азиялык ассоциациянын (CAFA) эркектер арасындагы биринчилигинде ойномокчу. Чемпионатка Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын курамалары катышат. Орусия Укрианага басып киргенден бери ал өлкөнүн командасы алгачкы расмий турнирде ойнойт.

Орусиянын ага катышары тууралуу Тажикстандын Футбол федерациясы маалымдады. Маалыматка караганда, матчтын жыйынтыктары ФИФАнын рейтингинде эсепке алынат. Оюндар болжолу менен июнда Ташкент же Бишкекте өтөт.

CAFA Ирандын демилгеси менен түзүлгөн. Анын төрагасы - тажик президентиинин уулу Рустам Эмомали.

Орусия Украинага басып киргенден кийин европалык курама командалар Киевге тилектештик иретинде орус футболчулары менен ойноодон баш тарткан. Орусия дүйнө чемпионатына иргеп алуу матчтарынан четтетилген. Кыргыз, тажик жана өзбек командалары менен гана үч беттешке катышкан. Мындан улам Орусиянын футбол биримдиги европалык ассоциациядан (УЕФА) азиялык конфедерецияга өтүүнү караштыра баштаган. Чечим 31-мартта кабыл алынмакчы.

Спорт адистери Азиянын турнирлери Европа Кубогу же Чемпиондор Лигасына караганда анча абройлуу эмес экенин, акча азыраак төлөшөрүн белгилешет.

XS
SM
MD
LG