Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Сулайман Кайыповдун 70 жылдыгына арналган илимий конференция өттү


Сулайман Кайыпов.
Сулайман Кайыпов.

14-мартта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде белгилүү фольклорчу, этнограф Сулайман Кайыповдун 70 жылдыгына арналган эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Анда окумуштуунун илимий жана чыгармачыл эмгектерин талдаган талкуулар уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө баяндама жасаган окумуштуулар Кайыповдун илимий иштериндеги ар тараптуу жетишкендиктерин, улуттук фольклор таануу илимин жаңы бийиктикке алып чыкканын белгилешти.

Быйыл 70 жашка чыккан Сулайман Кайыпов өлкөдөгү белгилүү этнограф жана адабиятчы. Ал улуттук эпостордогу салыштырма образдарды, элдик оозеки чыгармачылыктагы салыштырма көрүнүштөрдү терең изилдеп, аларды ЖОЖдордо окутууда жаңы методикалык ыкмаларды сунуштап жүргөнү менен белгилүү. Мындан сырткары, Ооган кыргыздарынын фольклорун жана этнографиясын ар тараптуу изилдөөгө салым кошкон.

Окумуштуу Кыргызстандан сырткары Түркия жана Кытайдагы жогорку окуу жайларда эмгектенип, илимий иштери бир нече тилге которулган.

Сулайман Кайыповдун 70 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция. 14.03.2023-ж.
Сулайман Кайыповдун 70 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция. 14.03.2023-ж.

Жалпысынан кыргыз, орус, түрк тилдеринде жазылган 200дөн ашуун илимий жана илимий-популярдуу макалалардын автору. 2008-жылы ага Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. (MZh)

XS
SM
MD
LG