Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Башкы прокуратура Абировду жоопкерчиликке тартуу үчүн ЖКдан макулдук сурады


Жаныбек Абировдун мушташка катышкан учуру камерага түшүп калган.
Жаныбек Абировдун мушташка катышкан учуру камерага түшүп калган.

Башкы прокуратура депутат Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизди.

Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Башкы прокуратурага Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан материалдар келип түшкөн.

"Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Абировго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,4-пункттарында (адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери менен кылмыш ишин козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга макулдук берүү жөнүндө Жогорк Кеңешке сунуштама киргизди", - деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Тасмада жоон топ кишилер жулмалашып, арасында депутат бир адамды сабап жатканын көрүүгө болот.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13-мартта окуя боюнча Садыр Жапаров кабардар экенин, Ички иштер министрлигине (ИИМ) окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте өзү аралашкан мушташ боюнча 14-мартта түшүндүрмө берди. Фейсбуктагы баракчасына окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин жазды.

“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жатканымды баса белгилегим келет. Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу”. Депутат токмок жеген Арген Жекишовдон жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG