Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:55

Жол коопсуздугу кызматкерлеринин ишине көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Ички иштер министрлигинин жетекчилигине республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин ишине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасына жазды. Анын жазганына караганда, бул чечим жол эрежесине байланыштуу жаңы мыйзам күчүнө киргенине байланыштуу кабыл алынды.

"Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлеринин арасында коррупциялык жосундарга жол бербөө үчүн ушул мыйзамдын талаптарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлгө алуу зарыл. Ошондой эле, айдоочулар арасында түшүндүрүү-алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырмасы берилди", - деди Султанбаев.

Анын билдирүүсүндө, Жапаров жарандарды пара талап кылган фактыларды ачык айтууга чакырган.

8-марттан тарта жол эрежесин бузгандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу, кайра сынак тапшыруу жана айрым айып пулдардын суммасын 15 миң сомго чейин көтөрүү тууралуу мыйзам күчүнө кирди.

Айрымдар жаңы эрежелер жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн айтып жатышат. ИИМ коррупцияга жол берилбейт деп ишендирүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG