Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:51

Мас абалында автоунаа башкаргандар 38 пайызга кыскарганы айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы күчүнө кирген жаңы эрежелерге байланыштуу талдоо жүргүздү. Ага ылайык, соңку үч күн ичинде мас абалында машина айдагандардын саны 38% азайганы байкалган.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын ушул үч күн ичинде 180 мас айдоочу аныкталган. 2022-жылдын үч күнүндө 247 мас айдоочу катталса, быйыл ушул күндөрү 152 мас айдоочу аныкталган.

8-марттан баштап жол эрежесин бузгандарга жазаны күчөткөн мыйзам күчүнө кирди. Жаңы эреже боюнча мас айдоочу – айдоочулук күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат. Эгерде экинчи жолу алкоголдук ичимдик ичип кармалса - үч жылга машине айдоо укугунан ажырайт. Мурда мас айдоочу 17,5 миң сом айып пул төлөчү.

Үч жолу жолу кайталап жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Алар: автоунаанын номурун атайын жаап алгандар, бир жагына такпай койгондор, милициянын машинени токтотуу талабын аткарбагандар, жарык берүүчү жана сирена менен бара жаткан кызматтык автоунааларга жол бербегендер, каршы тилкеге чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузгандар, жол эрежесин бузуу менен адамдын ден соолугуна зыян келтиргендер, машинесин мас абалындагы же рулга отурууга укугу жок адамга бергендер. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG