Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

“Керемет Банк” иши: Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды


“Керемет Банктын” эн белгиси.
“Керемет Банктын” эн белгиси.

“Керемет Банктын” иши боюнча Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары (Ж.Н. жана Т.А.), башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү (С.А. жана С.Н.) кармалып атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 14-мартта кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүүлөр келтирген зыянды так аныктоо, бул кылмышты жасоого катышы бар башка да адамдарды аныктоо иштери уланып жатат.

Башкы прокуратура 2022-жылдын декабрь айынын башында “Керемет Банктын” (мурдагы “Росинбанк”) айрым өкүлдөрүнө карата кылмыш ишин козгогон. Буга Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык”, “Кылмыштуу кирешени мыйзамдаштыруу”, “Документ жасалмалоо” деген беренелери негиз болгон.

Мекеме “Керемет Банктын” кызматкерлери мамлекеттик бюджеттен 8 млрд. сомдон ашуун каражатты инвестиция катары банкка мыйзамсыз салганын билдирген. Натыйжада өлкө казынасына мындай операциядан 4,5 млрд. сомдон ашык зыян келтирилген.

Иштин алкагында 22-декабрда “Керемет Банктын” төрагасынын орун басары Максат Дадыбаев Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) камакка алынган. 23-декабрда УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам кызматкери жана Өздүк коопсуздук башкармалыгынын төрагасынын орун басары кармалып, алар да эки айга камалган. 2-февралда иш боюнча Улуттук банктын башкаруу кеңешинин мурдагы мүчөсү кармалып, тергөө бүткүчө камалган.

Банктын акцияларынын 97,45% 2018-жылдан бери Улуттук банк ээлик кылат. Өкмөт соңку жылдары ал аркылуу фермерлерге жеңилдетилген шартта насыя берип келет. Банк ипотекалык насыя программасын да жүргүзө баштаган.

“Керемет Банк” мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жемкорлукка жана арам акчаны адалдоого айыпталып сыртынан соттолгон уулу Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнө таандык деген “Азия Универсал Банктын” негизинде түзүлгөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG