Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:07

Окуучу айдаган машина кырсыкка кабылып, бир кыз мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө 17 жаштагы кыз айдап бараткан машина жол кырсыгына кабылып, жүргүнчүлөрдүн бири каза болгонун 14-мартта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, мектеп окуучулары кабылган бул окуя 11-мартта Аламүдүн районунун Кашка-Суу айылында болгон.

Honda CR-V машинасынын ичинде окуучу айдоочудан тышкары өзү курактуу төрт кыз болгон. Автоунаа тоголонуп кетип, жол кырсыгына учураган. Бир кыз алган жараатынан ошол жерден көз жумган, калгандары түрдүү жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Факт Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндө каттоого алынып, териштирүү жүрүп жатканы, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы маалымдалды.

2022-жылы Кыргызстанда 7 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болгон, 11 миңдей адам майып болуп калган.

XS
SM
MD
LG