Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Жаныбек Абиров жоопкерчилик тартууга даяр экенин билдирди


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте ал аралашкан мушташ боюнча 14-мартта түшүндүрмө берди. Фейсбуктагы баракчасына окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин жазды.

“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет. Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу”.

Депутат токмок жеген Арген Жекишовдон жана анын үй-бүлөсүнөн кечирим сурады.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Тасмада топ кишилер жулмалашып, арасында депутат бир адамды сабап жатканын көрүүгө болот.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун маалымдаган. Ресторанда күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 13-мартта окуя боюнча Садыр Жапаров кабардар экенин, Ички иштер министрлигине (ИИМ) окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирди.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG