Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

ЖК комитетинде зордукталган 13 жаштагы кыздын иши боюнча маселе көтөрүлдү


Балдардын укугун коргоо талабы менен чыккандардын акциясы. 8-июль, 2022-жыл.
Балдардын укугун коргоо талабы менен чыккандардын акциясы. 8-июль, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин 14-марттагы жыйынында 13 жаштагы кызды зордуктаган милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтүнүн азайтылганы боюнча маселе көтөрүлдү. Депутат Жанарбек Акаев Свердлов райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту өзгөртүп, кызды зордуктагандардын жазасын жеңилдеткенин сынга алды.

“Райондук сот эки айыпталуучуну 15 жылдан кескен. Шаардык сот болсо 13 жаштагы кызды зордуктаган эки милиция кызматкеринин жазасын 15 жылдан алты жылга түшүрүп койду. Иш эми Жогорку сотко келди. Демек, жакында чыгат экен да”.

13 жаштагы кызды зордуктоого байланыштуу кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт киши - эки милиция кызматкери жана эки адам соттолгон. 2022-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга абакка кескен. Дагы бир адамдын иши өзүнчө каралып, Бишкектин Биринчи май райондук соту ага сегиз жыл жаза берген.

Быйыл 12-январда Бишкек шаардык соту милиция кызматкерлеринин биринин жаза мөөнөтүн алты жылга, экинчисиникин 9 жылга азайткан. Дагы бир айыпталуучунун мөөнөтү өзгөртүүсүз калтырылып, 10 жылга соттолгон. Бул боюнча аппеляциялык арыз Жогорку сотто 22-мартка белгиленген.

13-мартта Жогорку сот зордуктоого айыпталган төртүнчү кишини сегиз жылга кесүү боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

14-мартта комитеттин жыйынында Жогорку соттун төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова ишти карай турган соттук коллегияга бул тууралуу маалыматты жеткирерин айтты.

Былтыр 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө “Кызымды колдон колго өткөрүшкөн” деген макала жарыялаган. Ушундан кийин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдында аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы менен акциялар өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG