Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

Комитет Бишкектин мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоорун колдоду


Бишкек шаардык мэриясынын имараты.
Бишкек шаардык мэриясынын имараты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинин 14-марттагы отурумунда Бишкек шаарынын мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документти парламенттеги “Альянс” фракциясынын депутаттары иштеп чыккан.

Долбоордун авторлорунун бири, депутат Жанарбек Акаев 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан бери Бишкекте сегиз мэр алмашканын, шаардыктар калаада мэрлердин атын жаттаганга жетишпей калып атканын айтты.

“Шаардыктар шаардын башчысын түз шайлашы керек. Мэр болом деген адамдар “Мен Бишкекти ушундай кылып өнүктүрөм. Ыш маселесин ушундай, жаңы конуштардын көйгөйүн мындай чечем” деп айтсын. Азыр болсо президент баш болуп жаңы конуштардын жер маселесин чечип берүү үчүн чуркап жүрөт”.

Жанарбек Акаев мыйзам долбоору кабыл алынса, мэрликке талапкерлер программа жазып эл кыдырарын кошумчалады.

Мурда шаар мэрлерин жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. 2021-жылы мыйзам өзгөртүлүп, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент, райондук маанидеги шаарчалардын башчысын аким дайындап калган.

Бишкекте бир топ жылдан бери коомдук транспорт, жол тыгыны, борборду каптаган ыш маселеси чечилбей келатат. Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров жакында өткөн басма сөз жыйынында жыл аягына чейин калаада коомдук транспорт көйгөйү толугу менен чечилет деген убада берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG