Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Гүлнара Каримова 240 миллион долларга кыймылсыз мүлк алган


Гүлнара Каримова. Архивдик сүрөт
Гүлнара Каримова. Архивдик сүрөт

Freedom For Eurasia уюму Өзбекстандын тунгуч президентинин кызы Гүлнара Каримова башка компаниялар аркылуу Лондондон Гонконгго чейин 240 миллион долларга кыймылсыз мүлк алганын отчетунда жарыялады.

BBCнин кабарчысы Энди Верити ал докладга таянып жазганына караганда, Каримова коррупциянын арты менен бир нече особняк жана учак сатып алган. Ага бул соодада британиялык бухгалтердик компаниялар жардам берген.

Журналист отчет британ бийлигинин мыйзамсыз мүлк менен күрөшүү аракеттеринен күмөн санатарын белгилейт.

Документте ошол фирмаларда иштегендер алардын Каримова менен байланышы бар экенин билип же билбегени айтылган эмес. Веритинин материалында айтылгандай, Британияда иликтөө жүргөн эмес, эч кимге айып пул салынган жок.

Freedom For Eurasia уюмунун иликтөөчүлөрү Каримова камалгыча Британия, Швейцария, Франция, Дубайда жана Гонконгдо күмөндүү каражатка кеминде 14 кыймылсыз мүлк сатып алганын реестрлерден казып чыгышты.

2012-жылдан бери Швейцариянын прокуратурасы Каримовага жана мобилдик байланыш операторлоруна байланышкан коррупциялык ишти иликтеп келген. Ал коррупциялык схемаларга катышып, МТС, VimpelCom жана TeliaSonera компанияларынан өзбек рыногуна чыгуу үчүн 865 миллион доллар алган жана адалдаган деп шек саналган.

Каримова 2015-жылы өз өлкөсүндө беш жылга эркинен ажыратылып, 2019-жылы колонияга которулган. 2020-жылдын мартында ал “мамлекеттик каражатты кымырып алуу, өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алуу фактылары” боюнча дагы 13 жыл 4 айга кесилген.

Анын швейцариялык адвокаты Каримовага абакта кысым болгонун айтып келди. Ал эми активисттер чет өлкөлөрдөгү активдерин кайтаруу процесси тунук жүрбөгөнүн белгилеп, жарандык коомго жана эл аралык көз карандысыз уюмдарга мониторинг кылуу уруксатын берүүгө чакырышкан.

XS
SM
MD
LG