Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:41

Малавиде "Фредди" циклону 190 адамдын өмүрүн алды


Малавинин кичинекей тургуну.
Малавинин кичинекей тургуну.

Түштүк Африкадагы Малави республикасында "Фредди" циклонунан каза болгондордун саны 190 кишиге жетти. Reuters агенттиги бул аймакты бир айдын ичинде эки жолу суу ташкыны болгонун жазды. Суу ташкынынан өлкөнүн экономикалык борбору саналган Блантайр шаарынын тегереги көбүрөөк зыян тартты. Нөшөрлөп жааган жаан жана сел жолдорду, көпүрөлөрдү бузуп, жабыркагандарды куткаруу жана эвакуациялоо кыйындады.

"Фредди" циклону коңшулаш Мозамбикке да түйшүк жаратты. Дем алыш күндөрү болгон бороон-чапкындан 22 миңден ашык киши үйлөрүн таштап, коопсуз жайдан баш калка издөөгө аргасыз болгон.

Малавинин Улуттук өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматы боюнча, тынымсыз жааган жамгырга байланыштуу 600гө жакын адам ар кандай жараат алды, кыркка жакыны дайынсыз болууда. Reuters агенттиги жакындарын жоготкондор туугандарынын сөөгүн алып кетүү үчүн Блантайрдын ооруканасына келип жатышканын жазды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG