Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Литванын парламенти “Вагнер” компаниясын террордук уюм деп тааныды


“Вагнер” менчик аскердик компаниясынын кеңсеси. Санкт-Петербург, 20-ноябрь 2022-жыл
“Вагнер” менчик аскердик компаниясынын кеңсеси. Санкт-Петербург, 20-ноябрь 2022-жыл

Литванын парламенти – Сейм Орусиянын Украинада согушуп жаткан “Вагнер” менчик аскердик компаниясын террордук уюм деп тааныды. Мындай кадам Евробиримдиктин мүчөлөрү тарабынан биринчи жолу жасалды.

Резолюцияда айтылгандай, жалданма согушкерлер мамлекеттик коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч жаратууда, согуш башталгандан бери алар көптөгөн кылмыштарга, анын ичинде адам өлтүрүү, жайкын тургундарды кыйноо, жарандык жайларга сокку урууларга барып жатат. Документте мунун бардыгын террорризмге теңесе болору белгиленет.

Андан тышкары, “Вагнер” тобу өзүн жеке компания деп атаганы менен орус мамлекети менен тыгыз байланышта болгону, курал-жарак, дары-дармек алып турары, согушкерлер болжолу менен орус аскердик чалгынчылары тарабынан машыктырылары айтылат.

Еврошаркетте террордук уюмдардын биридиктүү тизмеси бар, "Вагнер" ага киргизилген эмес. Ошол эле маалда топко жана жана негиздөөчүсү Евгений Пригожинге санкциялар салынган.

Быйыл январда АКШнын Финансы министрлиги Украинадагы согушка катышкандыгы, ал жакта жасаган деп шектелген жана Мали менен Борбордук Африка жумуриятындагы согуш кылмыштары үчүн «Вагнер» тобун трансулуттук кылмыштуу уюм деп атаган.

Вагнерчилер ушу тапта Бахмуттагы салгылашууларга активдүү катышууда. Топ өз катарына түрмөлөрдө отурган борбор азиялык мигранттарды жалдаган учурулар да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG