Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Парламент комитети Жаныбек Абировду жоопко тартуу боюнча сунушту карайт


Жаныбек Абиров.
Жаныбек Абиров.

Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети депутат Жаныбек Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурадан келип түшкөн сунушту карайт. Бул тууралуу парламент төрагасы Нурланбек Шакиев шейшембидеги жалпы жыйында билдирди. Ал Абировго байланыштуу Башкы көзөмөл органдан сунуштама келип түшкөнүн кошумчалады.

Башкы прокуратура 14-мартта депутат Жаныбек Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизгенин кабарлаган. Маалыматка караганда, Башкы прокуратурага Абировдун аракетине юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан материалдар келип түшкөн.

Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутатына кылмыш иши козгоого, ага карата сотко чейинки тергөө аракеттерин, иш-чараларын жүргүзүүгө жана айыпкер катары тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу талап кылынат.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Тасмада жоон топ кишилер жулмалашып, арасында депутат бир адамды сабап жатканын көрүүгө болот.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн.

Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте өзү аралашкан мушташ боюнча 14-мартта түшүндүрмө берди. Фейсбуктагы баракчасына окуяны укук коргоо органдары иликтеп жатканын, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин жазды.

Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган. Ал 2016-2021–жылдары Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG