Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:11

Өзгөндө милиция тогуз жаштагы кызды зордуктоо фактысын иликтей баштады


Секелек кыздардын укугун коргоого арналган акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Секелек кыздардын укугун коргоого арналган акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

Өзгөн районунда милиция тогуз жашар өспүрүмдү зордуктоо фактысын иликтеп жатат. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 14-мартта Өзгөн районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, кызы зордукталгандыгын билдирген.

Факты Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси боюнча реестрге катталып, жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда кылмышты аныктоо жана шектүүнү табуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

  • Жакында эле Бишкекте 13 жаштагы кыз зордукталгандан кийин суицидге барганы ачыкка чыккан. Башкы прокуратура буга байланышкан кылмыш ишин бир жыл өткөндөн кийин кайра козгоду. Прокуратура Ленин райондук милиция кызматкерлери зордуктоо фактысы боюнча документтердеги коюлган колдорду бурмалап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген жүйө менен, эки тергөөчү, бир соттук- медициналык экспертти камакка алды.
  • 13 жаштагы дагы бир кыздын зордукталышына байланыштуу 2022-жылдын 30-августунда Свердлов райондук сотунун чечими менен айыптуу деп табылган эки милиция кызматкери ар бири 15 жылга, ал эми мурда соттолгон дагы бир адам 10 жылга кесилген. Быйыл 12-январда Бишкек шаардык соту милицияда иштеген эки айыпталуучунун айыбын жеңилдетип, биринин жаза мөөнөтүн алты, экинчисиникин тогуз жыл деп өзгөрткөн.
  • Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.
  • Ички иштер министрлигинин 2022-жылдагы маалыматында сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнү кабарланган. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланып жатканы айтылган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG